Патент менен иштөө жоюлду. Бул бюджетке канча акча алып келди?

01.07.2024, 12:31 Акчабар
Патент менен иштөө жоюлду. Бул бюджетке канча акча алып келди?

Кыргызстанда 1-июлдан тарта патент ишкерлер үчүн салыктын бир түрү катары ишин токтотту. Акыркы 5 айда, 2024-жылдын январь айынан май айына чейин патент менен иштеген ишкерлер бюджетке 711,8 миллион сом салык төлөшкөн. Мындай маалыматты Каржы министрлиги билдирди.

Анын 298 миң сому милдеттүү патенттин негизиндеги салыктар, 711,5 млн сому ыктыярдуу патент. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу патенттик салыктардан түшкөн киреше 366,2 миллион сомго азайган. Бирок 2022-жылга салыштырмалуу 291,5 миллион сомго өсүш бар.

Патент боюнча иштеген ишкерлерден салыктын максималдуу түшүүсү 2023-жылы (январь-май) катталган – 1 миллиард сомдон ашык.

Эске салсак, бүгүн, 1-июлдан тарта патент менен иштеген ишкерлер жалпы салык режимине же бирдиктүү салыктын негизиндеги жөнөкөйлөштүрүлгөн салык системасына өтүшү керек.

Бирдиктүү салыктын негизинде жөнөкөйлөштүрүлгөн салык салуу системасын колдонууда салыктын ставкалары жылдык кирешеси 15 миллион сомго чейин 0%, 30 миллион сомго чейин 0,5%, 50 миллион сомго чейин 1% түзөт.

Базарларда жана кичи базарларда иштеген чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн акыркы 12 айда кирешенин көлөмү 100 миллион сомдон ашпаса, бирдиктүү салыктын ставкасы 0,1% түзөт.

Тэги: патент отмена патентов новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу