Садыр Жапаровдун Бельгияга иш сапары аяктады

26.06.2024, 09:10 Акчабар
Садыр Жапаровдун Бельгияга иш сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 24-25-июнда Бельгия Падышалыгына болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Бельгиянын падышасы Филипп менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуу бетме-бет форматта өтүп, анда тараптар Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Андан кийин президент Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар кеңири чөйрөдө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулап, соода-экономикалык кызматташуунун келечеги, энергетика, транспорт, сейрек кездешүүчү металлдар, айыл чарба жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду инвестициялоо жана ишке ашыруу боюнча пикир алмашты.

Андан соң эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

Брюсселде мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү координациялык борборуна (ERCC) барды. Бул борбор Европа Бирлигинин Жарандык коргонуу механизминин ордосу болуп саналат. Ал табигый кырсыктардан жапа чеккен өлкөлөргө жардамды - биринчи кезектеги зарыл буюмдарды, эксперттик билгилерди, жарандык коргонуу топторун жана атайын жабдууларды жеткирүүнү координациялайт.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров 25-июндан 26-июнга караган түнү Бишкекке кайтып келди.

Тэги: Садыр Жапаров иш сапар Бельгия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу