Бүгүн, 15-мартта Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахмановдун катышуусунда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) жогорку кызмат адамдарынын ТМУ инвестициялык фондун түзүү маселеси боюнча онлайн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Ошентип, министрдин орун басары Фондду түзүү, анын ичинде башкаруу түзүмү, уставдык капиталы, ошондой эле ТМУ Инвестициялык фондунун башкы кеңсесин Бишкекке жайгаштыруу жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча өз позициясын билдирди.
Белгилей кетсек, Түрк мамлекеттеринин уюму азыркы түрк мамлекеттерин бириктирген эл аралык уюм, анын негизги максаты мүчө мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. Ал 2009-жылдын 3-октябрында уюштурулган. Уюмга Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан мүчө.