2023-жылы Майлуу-Суу лампа заводу 58 млн 790,9 миң сом чыгымга учураган. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Мамлекеттин менчигинде турган завод электр лампаларынын 80ден ашык түрүн чыгарат. Анын маанилүүлүгүнө карабастан, компания каржылык кыйынчылыктарга дуушар болгон.
“Майлуу-Суу лампа заводу ААК стратегиялык субъект болгондуктан, Мамлекеттик мүлк агенттиги компанияны түзүлгөн кырдаалдан чыгаруу үчүн ишкананын ишмердүүлүгүнө инвестиция салуу, жаңы заманбап технологияларды сунуштоо аркылуу чечимдерди көрөт”, - деп айтылат маалыматта.