УКМК Чүйдө диний-экстремисттик агымдын 16 мүчөсүн кармады

04.06.2024, 14:55 Акчабар
УКМК Чүйдө диний-экстремисттик агымдын 16 мүчөсүн кармады

Чүй облусунун аймагында "Йакын-Инкар" диний агымынын активдүү мүчөлөрү жана жактоочулары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, ушул жылдын 31-майында УКМК менен ИИМ Кыргызстанда тыюу салынган "Йакын-Инкар" диний агымынын активдүү мүчөлөрү жана жактоочулары жашаган жеринде издөө иштерин жүргүзүп, экстремисттик идеологияны үгүттөөчү көп сандагы басылмалар, электрондук маалымат каражаттарды (компьютерлер, флешкалар жана башка) тапкан.

Жыйынтыгында тыюу салынган кыймылдын 16 мүчөсү кармалып, алардын ичинен өзүн мусулмандардын "халифасы" деп эсептеген М.Б.М. КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүгүнүн ("Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо") негизинде айыпталуучу катары тартылып, Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу кызматынын №1 тергөө камак жайына киргизилген.

Калган жарандарга тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Тэги: Йакын-Инкар диний агым УКМК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу