Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгү менен “Havas food” ишканасы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Ташкентте өткөн “Кыргызстандын даамы” иш-чарасында белгилүү болду.
Өзбек кыргызстандык компаниялардан таңгакталган форель, татымалдарды, бал, гастрономиялык эт жана тоңдурулган тоок этин сатып алууга кызыктар экенин билдирди.
Жеткирүүлөрдүн көлөмү жана мөөнөтү тууралуу маалымат айтылган жок, бирок Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү компаниялар менен алар талап кылынган көлөмдү бере алабы же жокпу деген суроо боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирди.
Эскерте кетсек, иш-чарага кыргыз тараптан “Эфтар Агро-Комплекс” ЖЧКсы, “Татымал Групп”, И.П.Махмудов М (“Жети Баатыр” соода маркасы), “Алайку органикс”, “Золотой орех”, “Ишкер Кейжи”, “Адал азык» (Тойбосс), "ПродМикс" жана "Азия Бренд" компаниялары катышты.