Вена жашоого эң ыңгайлуу шаар экени айтылды

27.06.2024, 10:51 Акчабар
Вена жашоого эң ыңгайлуу шаар экени айтылды

The Economist Intelligence Unit жылдык жашоого жөндөмдүүлүк индексинде жашоо үчүн эң жакшы жана эң начар шаарларды аныктады.⁠ Бул тууралуу The Economist басылмасы жазды. 

Изилдөөдө 173 шаар беш категорияга бөлүнгөн. Анда шаарлардагы туруктуулук, саламаттыкты сактоо, маданият жана экология, билим берүү жана инфраструктура каралган. 
Үчүнчү жыл катары менен рейтингдин башында турган Вена индекстин беш категориясынын төртөө боюнча эң жогорку упайларды алган. ⁠

Алдыңкы ондукка Европанын, Түндүк Американын жана Азиянын шаарлары кирген. Шкаланын экинчи четинде Тель-Авив 20 тепкичке төмөндөп, 112-орунга түштү. ⁠

Быйылкы жылдын жыйынтыгы согуш, жарандык толкундоолор жана жашоонун кымбаттыгы дүйнөдөгү шаарларда көйгөй экенин көрсөткөн. 

 

Тэги: Вена коопсуздук ыңгайлуулук соцөнүгүү экология

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу