Кыргызстандын мамлекеттик казына облигацияларындагы ички карызы 20-июнга карата 152 миллиард 973,5 миллион сомду түздү. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.
Сумма 19-июнга салыштырмалуу 129 миллион 25 миң сомго азайган. Бул жүгүртүү мөөнөтү эки жыл болгон казыналык облигациялар боюнча милдеттенмелерди төлөөгө байланыштуу болгон.
Баалуу кагаздар 2022-жылдын 17-июнунда 14% кирешелүүлүк менен жайгаштырылган.