Жапаров: өлкөдө бир кендин аймагында эле 5 млрд тоннадан ашык темир руда бар

19.06.2024, 10:50 Акчабар
Жапаров: өлкөдө бир кендин аймагында эле 5 млрд тоннадан ашык темир руда бар

Кыргызстандын аймагынын 95%ын тоолор түзөт, алардын тереңдигинде пайдалуу кендерге бай, алтын, көмүр гана эмес, бир кендин эле аймагында 5 млрд тоннадан ашык темир руда, ошондой эле сейрек кездешүүчү металлдар титан, азыркы учурда жогорку экономикалык суроо-талапка ээ (европий, цирконий, цезий, лантанид тобу ж. б.) бар. Бул тууралуу “MINEX Central Asia” 10-тоо-геологиялык форумунда Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди. 

Анын айтымында, титаномагнетиттин болжолдонгон запасы кендин бир гана аймагында 20 млн тоннага жакын (Кызыл-Омпол), ал эми башка кенинде сейрек кездешүүчү металлдардын, анын ичинде 21 элементтен ашык, 60 миң тоннага жакын (Кутессай-2).  

“Бул запастар 50 жылдан ашык убакыт мурун катталган жана авторитеттүү геологдор менен илимпоздордун арасында жаңы технологиялык чечимдерди колдонуу менен геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү менен бул көрсөткүчтөр кыйла көбөйүшү мүмкүн деген пикир бар. Биз өнөктөштөрдү биргелешкен геологиялык чалгындоо иштерине чакырабыз жана экономиканын бул келечектүү тармагы – тоо-кен тармагына инвесторлорду күтүп жатабыз”, - деди ал. 

Форум “Борбордук Азиядагы тоо-кен өнөр жайын туруктуу өнүктүрүүнүн келечеги жана сценарийлери” деген темада өтүүдө. Форумга Борбор Азиядан 22 уюм, Европадан, Кытайдан, Түндүк Америкадан жана Жакынкы Чыгыштан 100дөн ашык компания катышууда.

 

Тэги: Акылбек Жапаров тоо-кен ишканалары геологиялык чалгындоо экология

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу