Ташкент шаарына болгон иш сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстандын элчилигинин жаңы имаратынын расмий ачылыш аземине катышты.
Өкмөт башчы Акылбек Жапаров жана премьер-министр Абдулла Арипов элчиликтин короосуна көчөт отургузушту. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, ошондой эле кыргыз-өзбек эки тараптуу мамилелерине арналган көргөзмөлөргө катышты.
Кошумчалай кетсек, Өзбекстандын аймагына кирип-чыккан Кыргызстандын жарандарынын саны жылына 1 миллиондон ашат, ал эми туруктуу жана убактылуу жашагандардын саны 6,5 миңге жакын, мындан тышкары 400 миңден ашуун этникалык кыргыздар жашайт.