2024-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы соода жүгүртүү 46 миллион долларды түздү.
Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 2023-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу 88,6%га өскөн.
Быйыл январь-февралда Кыргызстан Жапониядан 45,7 млн долларга товар импорттогон. Ал эми Жапонияга 359,5 миң долларга товар экспорттогон.
Белгилеп кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 255,7 млн долларды түзгөн.