Жарыяланган
2020-02-12, 06:20Айдоочулук күбөлүктүн баасы 40% төмөндөдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
[news 30486]
Буга чейин айдоочулук күбөлүк 920 сомду түзсө, азыр анын баасы 554.86 сомго түштү. Андан сырткары эл аралык стандарттагы айдоочулук күбөлүктүн баасы 246 сомду түзөт.
Кошумчалай кетсек, мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 5 жыл ичинде 818 миң айдоочулук күбөлүк берилген.