akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-23-05, 09:31

    Айыл Банк «Береке» мобилдик тиркемесинин бет ачарын өткөрдү

    Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Айыл Банк” ачык акционердик коомунун “Береке” жаңы мобилдик банкинг тиркемесинин бет ачарына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

    Банктык тиркеме чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү үчүн иштелип чыкты. 

    Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнү өнүктүрүү үчүн инновациялык технологиялык чечимдерди колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, бул мобилдик тиркеме ишкерлерге өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө ыңгайлуу болот. 

    “Береке” тиркемесинин артыкчылыктары: салык кызматына жана банктарга баруудагы убакытты үнөмдөө, салыктык милдеттенмелерди онлайн режиминде толук башкаруу, чакан жана орто бизнес үчүн уникалдуу жана зарыл тиркеме”, - деп айтылат маалыматта. 

     

     


    Тектеш материалды окуу