Жарыяланган
2021-19-03, 11:15«Ала-Арча» мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүндө коррупциялык фактылар аныкталды, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.
[news 33374]
Маалыматка ылайык, КР президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармасына караштуу «Ала-Арча Кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркы» мамлекеттик мекеменин ишиндеги одоно мыйзам бузуулар аныкталды.
«Ала-Арчанын» балансында турган бодо малдын иш жүзүндөгү жана документалдык санын салыштыруу учурунда 39 баш жылкы жана 26 баш топоз жетишпегендиги аныкталды.
Такталган маалымат боюнча, жооптуу адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 3,7 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.