akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-12-07, 08:25

    Ала-Тоо аянтын реконструкция иштери жүрүүдө

    Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров борбордук Ала-Тоо аянтын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

    Аянтка заманбап фонтан комплекстери орнотулат, ошондой эле 100 метр бийиктиктеги флагшток орнотуу иштери жүрүп жатат.Ошондой эле минкаб төрагасы Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндөгү оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын август айында бүтүрүү пландалууда.

    Акылбек Жапаров курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү, айлананы жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.