akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Турмуш

    Жарыяланган

    2019-10-09, 04:01

    Алайда 10,9 млн сомго курулган спорт зал жана ФАП пайдаланууга берилди

    Алай районунда жаңы курулган спорт зал менен ФАП пайдаланууга берилди. 

    7-сентябрь күнү Алай районунун акими Замирбек Молдокулов алыскы Сары-Могол жана Талды-Суу айыл өкмөттөрүнө барган. Аким аталган айыл өкмөттөрдөгү бала бакча, мектеп, ФАП, маданият үйү сыяктуу социалдык объектилерди кыдырып, алардын кышка болгон даярдыгы менен таанышты.

    Ошондой эле Сары-Могол айыл өкмөтүндө спорт залдын ачылышы өттү. Спорт залдын жалпы сметалык баасы 7 млн 600 миң сомду түзүп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган.

    Андан тышкары Талды-Суу айыл өкмөтүнүн Арча-Булак айылында фельдшердик-акушердик пункт пайдаланууга берилди. Аталган ФАПтын курулушу да жергиликтүү бюджеттен каржыланып, ага 3 млн 306 миң сом сарпталган.

     Булак: Турмуш