akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-03-01, 05:48

    Аскарбек Жаныбеков «Айыл банктын» директорлор кеңешинин курамына кирди

    Мурдагы айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков “Айыл Банк” ААКтын директорлор кеңешинин курамына кирди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

    Эскерте кетсек, Аскарбек Жаныбеков 2023-жылдын 25-декабрында айыл чарба министри кызматынан кеткен. 

    Жаныбековду “Айыл Банктын” директорлор кеңешинин курамына дайындоо чечими 2023-жылдын 29-декабрында өткөн акционерлердин кезексиз жалпы чогулушунда кабыл алынган.

    Ушул эле жыйында 2022-жылдын 29-мартынан бери директорлор кеңешинин мүчөсү болуп келген Нурай Марстын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими кабыл алынды.

     


    Тектеш материалды окуу