akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-14-08, 06:23

    «Asman Airlines» жакында аймактар аралык каттамдарын баштайт

    “Asman Airlines” мамлекеттик авиакомпаниясы 27-сентябрдан тарта аймактар ​​аралык алгачкы каттамдарын баштайт. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

    Канадада жасалган Dash-8-400 учагы Талас, Нарын, Каракол жана башка шаарларга учат. 

    Бийлик билеттер жеке авиакомпаниялар сунуштагандан арзан болорун убада кылууда.

    Эки Dash-8-400 учагын сатып алуу өткөн жылдын сентябрында белгилүү болгон. Алар 2013-жылы чыгарылган, ар биринин баасы болжол менен 6 млн долларды түзөт. Бул типтеги учактар ​​80 жүргүнчүнү батыра алат.