Жарыяланган
2024-08-08, 08:45Кыргыз фондулук биржасынын биринчи рыногунда “Бакай Банктын” корпоративдик облигацияларын сатып алуу боюнча үч бүтүм болду. Бул тууралуу КФБ билдирди.
Белгилеп кетсек, жалпысынан банк 100 миң 540 баалуу кагазды жайгаштырган. Корпоративдик бир облигациянын баасы 1 миң сомду түздү. Натыйжада банк 100 млн 540 миң сом пайда көргөн.
Кошумчалай кетсек, 2-августта “Бакай Банк” корпоративдик облигациялардын биринчи чыгарылыштары менен фондулук рынокко киргенин жарыялаган. Эмиссиянын көлөмү 1 миң сомдук номиналдык наркы боюнча 250 миң баалуу кагазды түздү.