Жарыяланган
2023-13-12, 08:15“Баткен облусун жеңилдетилген насыялоо-2” долбоорунун алкагында 276,5 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Долбоор Баткен облусун өнүктүрүү жана калкка мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылууда.
Ага республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда. Аларга насыя берүүнүн көлөмү 350 млн сомду түзөт.
“2023-жылдын 23-ноябрына карата долбоордун алкагында Баткен облусунда 315 ишкердик субъектиге 276,5 млн сом жеңилдетилген насыялар берилди”, - деп белгилейт Каржы министрлиги.