akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-17-05, 09:00

    Былтыр 17,5 миң адам аты-жөнүн өзгөрткөн

    Кыргызстанда 2023-жылы 17 миң  564 адам аты-жөнүн өзгөрткөн. 2022- жылы көрсөткүч мындан 3,5 миңге көп болгон. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди. 

    Маалыматка ылайык, ар кандай себеп менен аты-жөнүн алмаштыргандардын көпчүлүгү Ош облусунда жашайт. 2022-жылы 5 миң 163 жаран өздүк документине өзгөртүү киргизсе, 2023-жылы мындай сунуш менен мамлекеттик органдарга 4 миң 187 киши кайрылган.

    Бишкектин тургундары дагы өздүгүн алмаштырууга шыктуу. 2022-жылы 3 миң 868, былтыры 3 миң 746ы арыз түшкөн.

    Аты-жөнүн эң аз Таластын тургундары алмаштырган. Бул аймакта бир жылда 532 (2022-жылы 663) киши гана кайрылган.