akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-16-08, 03:45

    Бишкек - Доха түз аба каттамын ачуу талкууланды

    14-августта Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев менен "Qatar Airways" авиакомпаниясынын башкы аткаруучу директору Бадр Мохаммед Аль-Меердин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

    Жолугушууда кыргыз-катар эки тараптуу кызматташтыгын чыңдоонун келечеги жана эки өлкөнүн борборлорунун ортосунда үзгүлтүксүз түз аба каттамдарын ачуу маселелери талкууланды. 

    Мындан тышкары, тараптар туризм жана инвестиция тармагында кызматташуунун боюнча пикир алышты.

    Жолугушуунун жыйынтыгында макулдашууларды ишке ашыруу үчүн тыгыз кызматташуу талкууланды.