akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-23-08, 07:17

    Бишкекте №6 жаңы линиялык чыкма бекетче ачылды

    Бүгүн Лебединовка айылында №6 жаңы линиялык чыкма бекетче ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

    Маалыматка ылайык, Лебединовка айылында Чүй облустук кургак учукка каршы ооруканасынын мурдагы административдик имаратында күнү-түнү иштеген 5 мобилдүү тез жардам бригадасына, анын ичинен 3 реанимациялык бригада жана 2 фельдшердик бригадага ылайыкталган тез жардам борборунун №6 жаңы линиялык чыкма бекетчеси ачылды.

    Тез жардам борборунун №6 жаңы линиялык чыкма бекетчеси Бишкек шаарына кошулган Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнө караштуу конуштарды тейлейт.

     


    Тектеш материалды окуу