Жарыяланган
2021-15-11, 09:27Ушул жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын жарымынан көбү эмгек акыга жана социалдык төлөмдөргө жумшалган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Белгилүү болгондой, быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 142 миллиард сомго жакындап, былтыркыга салыштырмалуу 23 миллиардга көбөйгөн.
Мамлекеттик бюджеттин негизги каражаттары эмгек акыга (52 млрд сомго жакын же жалпы чыгашалардын 36%ы) жана социалдык төлөмдөрдү төлөөгө (26 млрддан ашык, же 18%), ошондой эле финансылык эмес активдерди сатып алууга багытталган (25 млрд, же 17%).
Мындан тышкары, мамлекеттик бюджеттен товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жана пайдаланууга 16 млрд сом, же 11% жумшалган. Гранттарга 11 млрд сом, же 8% бөлүнгөн. Болжол менен 7 миллиард, же дээрлик 5% - пайыздык төлөмдөр үчүн. 4 миллиарддан ашыгы, же 3%ы субсидияларды берүүгө, 0,5 миллиард сому (же 0,3 пайызы) башка чыгашаларга багытталган.