Жарыяланган
2023-01-02, 03:03Улуттук банктын ноталары боюнча 31-январда өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28 жана 91 күндүк ноталардын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 10,31%, 11,35%, 12,16% жана 13,63%ды түздү.
Ал эми 24-январда өткөрүлгөн аукциондорго салыштырмалуу 7 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү 0,02 пайыздык пунктка, 14 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү 0,16 пайыздык пунктка, 28 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү 0,08 пайыздык пунктка жана 91 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү 0,01 пайыздык пунктка төмөндөгөн.
Эске салсак, 31-январда Улуттук банк 14,6 миллиард сомго ноталарды жайгаштырууну пландаган.