Жарыяланган
2023-11-04, 05:28Москва районундагы 154 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүү учурунда Айыл чарба министрлигинин Жер жана агрардык реформа боюнча борборунун жана "А-Б-А-С" ААКнын ортосунда түзүлгөн 2002-жылдагы сатып алуу-сатуу келишиминин жана Биринчи май айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2005-жылдагы чечиминин негизинде 154 млн сомдук 28,02 гектар жер тилкеси (ат майданы) "А-Б-А-С" ААКына мыйзамсыз жеке менчике берилгендиги аныкталган.
Москва райондук прокуратурасынын жер аянттарын артка кайтаруу боюнча доо арызы сот органдар тарабынан канааттандырылып, муниципалдык менчикке кайтарылды.