Жарыяланган
2021-14-11, 09:22Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев менен Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Лао-Арайя Канопкан “Алматы – Ысык-Көл альтернативдик жолу” мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында долбоорду алдыга жылдыруу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди.
“Жолугушуунун жүрүшүндө альтернативдик жолдун долбоору сунушталып, аны ишке ашыруунун техникалык, финансылык, экономикалык жана башка аспектилери талкууланды”, - деп жазды басма сөз кызматы.