akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-17-06, 05:50

    Кара-Суу районунда «Эл Аман» дарыканасы ачылды

    Оштун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылында мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ишке берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. 

    Маалыматка ылайык, аталган дарыкананын ачылышына министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты. 

    Нариман аймактык ооруканасынын директору Арстанбек Жолдошев “Кыргызфармация” аркылуу 692 миң сомго Маанилүү дары каражаттарынын тизмесине кирген дары-дармектердин алынганын жана ооруканада керектүү дарылардын үч айлык кору бар экенин белгиледи.