akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-24-07, 11:30

    Катарлык дарыгерлер 200 баланын кулагына акысыз операция жасайт

    Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

    Жолугушууда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында катарлык жана кыргызстандык адистер тарабынан Кыргызстандагы угуусу начар балдарга акысыз операция жасоо маселелери талкууланды. 

    “Бүгүнкү күндө 168 балага кохлеардык имплантация бекер жасалган, жыл аягына чейин дагы 200гө жакын операция пландалууда”, - деп айтылат маалыматта. 

    Мындан тышкары, жолугушууда кыргызстандык беш лор дарыгердин Катардын клиникаларында квалификациясын жогорулатуу маселеси талкууланды.

     

    Министр Алымкадыр Бейшеналиев угуусу начар балдарга көрсөткөн жардамы үчүн Катар өкмөтүнө ыраазычылык билдирип, Катар менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Саламаттык сактоо министрлиги инвесторлор менен тыгыз кызматташууга ар дайым даяр экенин белгилели.