Жарыяланган
2023-23-05, 11:10Жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын мамлекеттик тышкы жана ички карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 13 миллиард 871,5 миллион сом бөлүндү.
Анын 10 миллиард 238,8 миллион сому мамлекеттик тышкы карызга, дагы 3 миллиард 632,7 миллион сому ички карызга туура келет.
Ички жана тышкы кредиттер боюнча негизги карызды жабууга 9 миллиард 611,5 миллион сом жумшалса, калган 4,2 миллиард сом пайыздык төлөмдөрдү түзгөн.