akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-29-11, 14:50

    Кыргызстанда ВИЧ инфекциясынын 14 миң 159 учуру катталды

    Кыргызстанда 1-ноябрга карата ВИЧ инфекциясына кабылып, расмий каттоодон өткөндөрдүн саны 14 миң 159 адамга жетти. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун дарыгери Баккелди Жумабеков билдирди.

    Анын айтымында, анын ичинен 13 миң 331и кыргызстандык болсо, 828и чет элдик жарандар.

    "Анын ичинен Бишкекте – 3 миң 600, Ысык-Көл облусунда – 533, Чүйдө – 3 миң 357, Талас облусунда – 213, Жалал-Абадда – 1 миң 513, Ош облусунда – 3 миң 398, Баткенде – 251, Нарын облусунда – 295 учуру катталды. Мындай көрсөткүч өлкөдө оорунун жайылып баратканынан кабар берет", - деди дарыгер.


    Тектеш материалды окуу

    • Кыргызстанда ВИЧ инфекциясынын 14 миң 159 учуру катталды
      Кыргызстанда 1-ноябрга карата ВИЧ инфекциясына кабылып, расмий каттоодон өткөндөрдүн саны 14 миң 159 адамга жетти. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун дарыгери Баккелди Жумабеков билдирди
      2024-29-11 08:50:04