Жарыяланган
2019-29-11, 08:03КР соода өнөр-жай палатасынын транспорт боюнча комитетинин өкүлү Талантбек Маткерим уулу, Анкара шаарындагы түрк тилдүү ишкерлердин 22-жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу соода өнөр-жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш чара Анкара, Спарта, Бурдур, Анталия жана Стамбул шаарларынын Соода палаталары жана биржасы тарабынан уюштурулган. Жолугушууга 19 мамлекеттин жана 6 автономдук республикалардын бизнес-коомчулуктагы 50 өкүлчүлүк келген. Иш-чаранын негизги максаты - түрк тилдүү мамлекеттер ортосунда өнөктөштүк мамилени бекмдөө болуп саналат.
Андан сырткары, иш-чаранын негизинде ишкерлердин өз алдынча жолугушуулары жана B2B форматындагы сессия өткөрүлдү.