akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-02-07, 10:13

    Лейлекке учкан самолет бузулуп, жолдон кайтып келди

    Кечээ күнү Бишкек-Раззаков  каттамы менен учкан Tez Jet компаниясынын учагы жолдон кайтып, Бишкекке келген. Бул тууралуу Reporter.kg жазды. 

    Алардын маалыматында, учактын кыймылдаткычтарынын бири жакшы иштебей калгандыктан жолдон бурулган. 

    Жүргүнчүлөрдүн айтымында, самолёттун тетиктери күйгөн, тарсылдаган үндөр чыккан.

    "Манас" Баткенге каттамдардын жадыбалы өзгөрбөгөнүн айтып, учуулар тууралуу толук маалымат алуу үчүн Tez Jet компаниясына кайрылууну суранды.