akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-18-06, 09:10

    «Манас» аэропортунун коду (FRU) өзгөртүлөт

    “Манас” эл аралык аэропортунун  FRU аталышындагы кодун өзгөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында жарандык авиация агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Данияр Бостонов билдирди.

    Анын айтымында, бир жылдан бери бул жаатта аракеттер көрүлүп жатат.

    "Бизге учуп келген бардык авиакомпаниялардан кодду өзгөртүү боюнча макулдугун алдык. Аны Аба транспорту эл аралык ассоциацияга (IATA) жөнөттүк. Алар карап жатышат", - деди Данияр Бостонов.

    Белгилеп кетсек, FRU — "Манас" аэропортуна борбордун Фрунзе кезинде берилген код.