akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Mbank

    Жарыяланган

    2024-18-07, 11:55

    MBANK Кыргызстандагы банктардын ичинен биринчилерден болуп эл аралык төлөмдөр жаңы кызматын ишке киргизди

    "Коммерциялык банк Кыргызстан" ААК | MBANK финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет жана 160 өлкөгө тез акча которуу мүмкүнчүлүгүн берет. 

    Жаңы сервистин жардамы менен Банктын кардарлары чет өлкөлөрдөгү мобилдик капчыктарга жана карта номурлары аркылуу банк эсептерине эл аралык которууларды жөнөтө алышат. 

    Мында эл аралык которууларга байланыштуу татаал процесстер кыйла жеңилдетилген.

    «Биз кардарларыбызга акча каражаттарын тез, үзгүлтүксүз жана коопсуз жөнөтүүгө мүмкүндүк берген жаңы эл аралык которуу кызматын сунуштоого кубанычтабыз. Муну менен биз кардарларыбызга Кыргызстандын аймагында гана эмес, эл аралык кызматташтыкты да кеңейтебиз», - деп билдирди MBANKтын стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү боюнча директору Марат Торалиев. 

    Жаңы кызматты колдонуу үчүн: 

    • MBANK тиркемесин ачып, "Төлөмдөр" бөлүмүнө өтүңүз
    • “Которуулар” → “Башка өлкөгө” категорияларын тандаңыз
    • “Которуунун түрү” баскычын басыңыз
    • Андан соң төлөм кызматын тандаңыз 

    Комиссиянын өлчөмү банктын өнөктөшүнө жана которуунун түрүнө жараша болот. 

    Так тарифтер, шарттар жана комиссиялар менен банктын www.mbank.kg расмий сайтынан толук тааныша аласыз.

    MBANK – Биринчи санарип!

    КР УБнын лицензиясы №014.


    Тектеш материалды окуу