akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-11-07, 03:20

    Мигранттар Кыргызстанга дээрлик 1,2 млрд доллар жөнөтүшкөн

    Январь-май айларында чет өлкөдөгү кыргызстандыктар мекенине 253,3 млн доллар жөнөтүшкөн, бул мурунку айга салыштырмалуу 19,7 млн долларга көп. 

    Мигранттар бул акчанын көбүн, 236,3 млн долларды Орусиядан которгон. Алсак, өткөн айга салыштырмалуу трансферттердин өсүшү толугу менен Орусиядан 20,4 млн долларга көп которулган алардын көбөйүшү менен камсыз болгон. Бирок, алыскы чет өлкөлөрдөн 586,8 миң долларга азайган акча которуулардын кыскарышын эске алганда, жалпы өсүш төмөн болгон.

    Ошол эле учурда АКШдан 500 миң доллар, Түркиядан дагы 200 миң доллар жөнөтүлгөн.

    Кошумчалай кетсек, беш айдын ичинде Кыргызстанга тез которуу системалары аркылуу 1 млрд 176,7 млн доллар түшкөн, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (1 млрд 152,3 млн доллар) 24,4 млн долларга көп.

    Эске салсак, Дүйнөлүк банктын жакында жүргүзгөн изилдөөсү Кыргызстанда үй чарбаларынын кирешесинин 8%ын акча которуулар камсыздай турганын көрсөткөн.