Жарыяланган
2023-03-07, 08:585-июлда Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28, 91 жана 182 күн болгон ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондор өткөрүлөт. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.
7 күндүк ноталардын көлөмү - 4 млрд. сом, 14 күндүк ноталар - 4,5 млрд. сом, 28 күндүк ноталар - 7 млрд, 91 күндүк ноталар - 1 млрд. сом, 182 күндүк ноталар - 200 млн. сом болот.
Белгилей кетсек, 27-июнда өткөн Улуттук банктын ноталарынын аукциондорунун жыйынтыгы боюнча, Улуттук банктын жүгүртүү мөөнөтү 7, 14, 28, 91 жана 182 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 11,64% , 11,82%, 12,14%, 13,98% жана 14,55%ды түзгөн.
Кошумчалай кетсек, 30-июнга карата Улуттук банктын жүгүртүүдөгү ноталарынын жалпы көлөмү 52 млрд. 745 млн. 850 миңди түзөт.