akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-08-08, 13:37

    Улуттук банк валюта рыногуна 51 млн 650 миң доллар сатты

    Кыргызстандын Улуттук банкы чет элдик валютаны сатуу боюнча интервенция жасады.

    Улуттук банктын сайтындагы маалыматка караганда, валюта рыногуна 51 млн 650 миң АКШ доллары сатылды.

    Белгиленгендей, бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 19 млн доллар жана бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 32 млн 650 миң доллар сатылган.

    Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногуна 90 млн 150 миң доллар сатты.