Жарыяланган
2024-20-06, 05:46Улуттук банк өлкөнүн эки ири каржы мекемесинин жетекчилигине талапкерлерди макулдашуу аркылуу кадрдык чечимдерди кабыл алды. Бул тууралуу көзөмөл органы өзүнүн сайтында билдирди.
Ага ылайык, Аскар Жантаевдин талапкерлиги "Евразия сактык банкы" ачык акционердик коому тарабынан башкармалыктын төрагасынын орун басарлыгына сунушталган.
Тимур Ибрагимовду директорлор кеңешинин төрагалыгына “Бакай Банк” ачык акционердик коому көрсөткөн.