Жарыяланган
2023-21-06, 09:59Доллардын түшүшү жай айларында экономикалык жигердүүлүктүн төмөндөшүнө байланыштуу. Бул тууралуу “Акчабар” редакциясына экономикалык жана коррупцияга каршы саясат боюнча эксперт Искендер Шаршеев билдирди.
Ал белгилегендей, бул көрүнүш убактылуу жана экономикалык жигердүүлүк калыбына келгенге чейин уланмакчы.
“Жалпысынан жайкы сезондо экономикалык жигердүүлүк төмөндөйт. Ал эми туризм тармагында, тескерисинче, активдүүлүк байкалат”, - дейт экономист.
Ал жакынкы мезгилде доллардын курсу кескин өзгөрбөй турганын баса белгиледи.