akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-08-05, 11:10

    Психиатрия жана наркология борборунда күнүнө тамакка 92 сом бөлүнөт

    Республикалык психиатрия жана наркология борборунда  орундар жетишпей, бейтаптар коридордо дагы жатышат. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору билдирди.

    Аталган жай 655 орунга ылайыкташкан, учурда 15 бейтап ашыкча кабыл алынган.

    “Оорукананын керебеттеринин жана төшөктөрдүн эскилиги жеткен. Бейтаптарга жалаң гана кир самын берилет. Аларга таза аба чыгып, сейилдөөгө тыюу салынган. Бейтаптардын тамактануусуна күнүнө болгону 92 сом бөлүнөт”, - деп айтылат маалыматта. 

    Республикалык борбордун психитария бөлүмү 445 орундан турат, анын 40ы — балдар бөлүмү. Наркология бөлүмүндө — 210 орун бар.