Жарыяланган
2020-11-09, 09:45Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 1-июндан 10-сентябрга чейин 3 981 коомдук тарнспорт текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
[news 27914]
Маалыматка ылайык, санитардык эрежелерди сактабаган айдоочуларга 284 протокол толтурулуп, 519 миң сом айып пул салынган.
«Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын адистери, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана Патрулдук милициянын кызматкерлери рейдке чогуу чыгып жатышат. Алар коомдук транспортто санитайзерлердин бар-жогун карап, жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө», - деп жазылат маалыматта.