akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-14-08, 09:35

    Сергей Ибрагимов «Бакай Банктын» акцияларын уулуна өткөрүп берди

    "Бакай Банктын" баалуу кагаздарынын ээлеринин тизмесинде олуттуу өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

    "Бакай Банктын" акционери Сергей Ибрагимов 20,0006% акциясын уулу Тимур Ибрагимовго өткөрүп берген. Өткөрүлгөндөн кийин ал 21,0731%, же 31 миллион 385 миң 486 нуска баалуу кагаз менен калды. Өзгөртүүлөр 13-августта болгон.

    Эске салсак, ушул жылдын июнь айында Улуттук банк "Бакай Банктын" директорлор кеңешинин төрагалыгына Тимур Ибрагимовдун талапкерлигин жактырган.