Жарыяланган
2022-22-01, 04:47Өткөн аптада коммерциялык банктар банктар аралык валюта аукциондорунда 26,1 млн доллар сатып алышкан. Мындай маалыматты Улуттук банктан билдиришти.
Андан мурдакы жумада банктар 90,6 млн доллар сатып алганы менен салыштырганда, валютага суроо-талап 3,5 эсеге азайган. Коммерциялык банктар үчүн доллардын орточо сатып алуу курсу 84,796 сомду түздү.
Кошумчалай кетсек, 22-январга карата банктар жана акча алмаштыруучу жайлар долларды элден 84,8 сомдон сатып алып, 84,9 сомдон сатууда.