akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-24-05, 09:20

    МИК күздө алты турак-жай колдонууга берилерин билдирди

    Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 18 кабаттуу алты имаратынын курулушу  күз айына чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания билдирди.

    Андан кийин дагы беш үй берилет деп күтүлүүдө.

    “Бүгүнкү күндө бетон иштери бүткөрүлүп, сырты базальт менен жылууланып, сырткы каптоо иштери да жүрүп жатат. Ошол эле учурда батирлерди оңдоп-түзөө иштери башталып, биринчи батирлерди ачкычка тапшыруу иштери жүрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта. 

    Белгилеп кетсек, “Мурас” көп функционалдуу турак жай комплексинде үч этапта 5 миңге жакын батирлер курулат. Бул үйлөрдөгү батирлер пайдаланууга берилгенден кийин Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтында электрондук кезекте тургандарга 25 жылдык мөөнөткө 4% жана 8% ипотека менен берилет.

    Эске салсак, май айынын башында аталган тилкеде экинчи этаптагы үйлөрдүн курулушу башталган. Курулуштун экинчи этабында дагы 11 үй курулат. Мурас турак жай комплексинин жалпы аянты дээрлик 9 гектарды түзөт.