Жарыяланган
2024-20-09, 11:02Нарын облусунун Кочкор районунда Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушу уланууда.
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө темир жолдун астыңкы конструкциясы жана суу өткөргүчтөрү курулуп жатат. Аны менен бирге рельс, шпалдар салынууда.
Жалпысынан 35 чакырым темир жол курулду.
Жеринде 100дөн ашык жумушчу жана 60ка жакын атайын техника иштеп жатат.
Белгилеп кетсек, аталган темир жолдун курулушу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын өз күчү жана каражатынын эсебинен жүргүзүлүүдө.