akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-23-09, 08:35

    Сузактагы шайлоодо Алтынбек Кылычбаев алдыга чыкты

    Жогорку Кеңештеги бир мандаттуу №13 Сузак округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо талапкер Алтынбек Кылычбаев алдыга чыкты.

    Автоматтык эсептөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча, ал добуштардын 48 пайыздан ашыгын алган. 

    Боршайкомдун маалыматына ылайык, андан кийин Медербек Сапарбаев 3 миң 280 (15.58%), Жыргалбек Сейдахматов 2 миң 493 (11.84%), Мелисбек Кошалиев 2 миң 435 (11.56%), Асилбек Арапбаев 1 миң 351 (6.42%), Юлия Лилиенталь 749 (3.56%), Бейшенбек Бегматов 212 (1.01%) добуш алышты. 

    Добуш берүүнүн акыркы жыйынтыктары кол менен эсептөөнүн негизинде аныкталат. БШК аны 5-октябрга чейин жарыялайт.

    Эске салсак, Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Тазабек Икрамов мандатын 19-июлда өз ыктыяры менен тапшырган.


    Тектеш материалды окуу