akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-21-05, 05:28

    Талас аэропортунун жаңыланган имараты ачылды

    Бүгүн Садыр Жапаров Талас шаарындагы аэропорттун салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

    Анда өлкө башчы региондордогу аэропорттордун иши узак жылдар бою үзгүлтүккө учураганын айтып, өкмөт “Манас” эл аралык аэропорту менен биргелешип токтоп турган учак майдандарынын ишин жандандыруу боюнча чечкиндүү чараларды көргөнүн кошумчалады.

    "Таластагы аэропорт бул иштин алгачкы маанилүү натыйжасы болуп отурат. Бир жылдын ичинде эл аралык ченемдерге ылайык аэродром калыбына келтирилди. Аэропорт саатына 100 кишини тейлейт. Жүргүнчүлөргө бардык шарттар каралган”, - деди президент.

    Белгилеп кетсек, Таластагы аба майдан 1979-жылы учактарды жана тик учактарды иштетүү үчүн курулган, СССР тарагандан кийин иштебей калган.

    Кошумчаласак, Кыргызстанда “Каракол” жана “Тамчы” эл аралык аэропортторунда жаңы аэровокзалдар курулуп, “Нарын”, “Казарман”, “Кербен” жана “Баткен” аэропортторунда учуу тилкелери реконструкцияланууда.