akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-22-07, 07:10

    Талас облусуна жарым жылда 468 млн сом бөлүндү

    Талас облусу боюнча 2024-жылдын алты айында бюджеттер аралык трансферттер жалпы суммасы 468,4 млн сомго каржыланды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

    Теңдештирүүчү трансферттер 96,5 млн сомду түздү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды каржылоого эмгек акы төлөөгө 5,7 млн ​​сом бөлүнгөн. 

    Мындан тышкары, оор жана жагымсыз табигый-климаттык шарттарда жашаган жарандардын электр энергиясы үчүн төлөмдөрүнүн 50% өлчөмүндө компенсацияга 1,3 млн сом бөлүндү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик мекемелеринин электр энергиясына чыгымдарын жабууга - 9,1 млн сом бөлүндү. 

    Кошумча каржылоо Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы буйругуна ылайык 300 млн сомду түздү.

    Алсак, Талас облусу боюнча көрсөтүлгөн мөөнөттө каржылоонун жалпы көлөмү 468,4 млн сомду түздү.