akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-16-08, 09:25

    Таласта минералдык сууну кайра иштетүүчү завод курулат

    Талас районунда "Беш-Таш-Кайынды" минералдык суусун кайра иштетүүчү завод куруу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды

    Курулушка тендерди айыл өкмөтү жарыялаган. 

    Сметалык баасы 9 млн 690 миң 186 сомду түзөт. Конкурстук арыздарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 30-августка чейин.

    Беш-Таш коругу Талас шаарынын түштүк тарабында жайгашкан Талас кырка тоолорунда жайгашкан жана Беш-Таш, Калба, Күмүш-Так жана Үрмарал капчыгайларын камтыган чоң жаратылыш паркы. Коруктун бийиктиги деңиз деңгээлинен 1100 метрден 3500 метрге чейин.